Бишкекте жол ортосунда мушташкан айдоочулар 5 миң сомдук айып пул менен кутулду (видео)

Бишкекте жол ортосунда мушташкан жарандар кармалып, сот тарабынан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды. Бул туурасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей социалдык баракчаларга айдоочулардын мушташып жаткан видеосу тараган. Окуя 6-сентябрда орун алгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Бул факт боюнча райондук милиция кылымыш ишин козгоп, эки жаранды кармаган. Алардын бири 1994-жылы туулган Н.Б. жана экинчиси 1999-жылы туулган А.А. экендиги аныкталган.

Жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Андан соң Октябрь райондук соттун чечими менен ар бирине 5 миң 500 сомдон айып салынган.

Бишкекте жолдо мушташкандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан