"Ромео" кыргыз тасмасы эл аралык сынакта мыкты аталды

Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Baiqonyr Film Festival" эл аралык сынагында режиссёр Тыныстан Темиржан тарткан кыргызстандын “Ромео” тасмасы эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу кинофорумдун программалык директору социалдык баракчасында билдирди.

Маалымдалгандай, сынак 3-8-сентябрда орун алган.

Ага 20 өлкөдөн 670 арыз түшүп, анын ичинен 33 тасма тандалып алынган. Сынакка Казакстан, Грузия, Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Орусиянын режиссерлору катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан