Бишкекте алдоо жолу менен ири суммадагы акча алган жактоочу кармалды. Ал ЖОЖдордун биринин мугалими

Бишкекте алдоо жолу менен ири суммадагы акча алган жактоочу кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, шектүү жаран Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Аскер прокуратурасы тарабынан аныкталган.
"Жактоочу А.А. аттуу жарандын ишенимине кирип 2 миң долларын алган. Андан ары жарандык иш боюнча арыз ээсине жардам берем деп алдап, дагы бир жолу 2 миң доллары өлчөмүндөгү акча каражатын жана жалпы суммасы 130 000 сом болгон тиричилик техникасын алдап алгандыгы аныкталган. Алданган жаран арыз менен кайрылып, аталган факт менен кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
Жогоруда көрсөтүлгөн алдоо фактыларын кылган, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жактоочу жана Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде мугалим болуп иштеген У.Э. 170 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан