"Ак терек, көк терек, таштандыңы ала кет". Астанадагы кыргыз күйөрмандарынын суктандырган видеосу тарады (видео)

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактан (көкпар) кыргыз курама командасы монголиялык атаандаштарын уткан соң, ат майдандан кыргыз күйөрмандары өз таштандыларын жыйнап кетишкен.

Алардын бул кадамына суктанган социалдык баракчалардын колдонуучусу видеого алып, "оюндан кийин кыргыздар өз ордуларын тазалап кетип жатат" деген билдирүүсүн калтырган.

Тасмада ак калпак кийген жигиттер башкаларды да таштандыларын алып кетүүсүн үгүттөп, "Ак терек, көк терек, таштандыңы ала кет" деп кыйкырышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-сентябрда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактан (көкпар) кыргыз курама командасы монголиялык атаандаштарын 16:0 эсебинде утуп алган.

Кыргыз күйөрмандары Астанада
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан