Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 243-296-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Арал-Казарман тилкесиндеги жумуштар аймакты караган №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлгөндүгү маалыматта белгиленет. Ошондой эле учурда жол ачык, эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги кошумчаланды.
Айта кетсек, ӨКМдин маалымат борбору аба ырайынын туруксуздугунан улам айрым тоолуу аймактарда таш кулоо коркунучу бар экенин
жарыялаган.