2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Белгилей өтсөк, учурда Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Ага 89 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышууда. Иш-чарага Кыргызстандан 183 спортчу барды. 8-сентябрда башталган мелдештер 13-сентябрда аяктайт.
Анда министр өлкө атынан барган спортчулар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын белгилеп өттү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда чыкканын айткан министр 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда өтөрүн билдирди.
Буга чейин 2026-жылы көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өтөрү айтылган болчу.
Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн.