Нарындагы Долон ашуусуна кар жаады (сүрөт)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган жолдун 285-294-чакырым аралыгындагы Долон ашуусуна кар түштү.

"Учурда жолдорго аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан инерттик материалдар чачылып жатат. Ушундай эле жумуштар өлкөнүн башка жолдорунда да жүргүзүлүүдө", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан