Париж шаарында өткөн Паралимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чарага өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Байсалов паралимпиадачы спортчуларды оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын билдирди.
"Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиздер үчүн сиздерге өлкөнүн президенти жана Министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, бүгүн бүт Кыргызстан сиздердин күчүңүздөрдү жана туруктуулугуңуздарды көрүп турат. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз", - деген ал.
Ошондой эле спортчулардын ар бирине 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.