
Өлкөдө ушул жылдын 8 айында
(январь-август) 38 миң жаран пенсияга чыкты. Бул жөнүндө Социалдык фонддун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, август айында 2284 жаран пенсияга чыкты.
Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 468 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.