Бишкекте 14-сентябрда шаар боюнча ишембилик өтөт. Анда көчөлөр, короолор, сейил бактар тазаланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
"Иш-чара салтка айланган 15-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөрүлөт. Дал ушул күнү дээрлик бардыгы ишембиликке чыгышат.
Ишембиликте бөлүнгөн жана чектеш аймактардагы ирригациялык тармактарды, чарбакер субъекттердин, үйлөрдүн жанындагы жана жанаша аймактарын, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат", - деп билдирди мэриядан.
Ал эми 21-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.