Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда Бишкектеги унаа тыгыны боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Исхак Масалиев Бишкекте учурда болуп жаткан унаа тыгынын "катастрофа" деп атап, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан бул боюнча тезирээк чара көүүнү суранды.
"Мен мурда 15 мүнөт жүрө турган жолдо азыр 45-50 мүнөт жол жүрүп жатам. Автобустар убагында жете албайт, троллейбустарды жок кылдыңар. Силер тараптан бул боюнча сунуштарыңар барбы? Мурда эртең менен, түштө анан кечинде эле тыгын болсо азыр күнү бою тыгын.
Борбордук көчөлөрдү силер жөнгө салып, азайтып жатасыңар. Башка көчөлөрдүн баары тыгын болуп турат да. Аны бизден жакшы билесиңер, эмне кылыш керек? Унаа киргизбеш керекпи? Биринчиден, сапаттуу коомдук транспортту көбөйтүш керек. Күч менен эч нерсе кыла албайсыңар. Келгиле, бир нерсе кылалы, бул чоң көйгөй, катастрофа болуп жатат", - деди Масалиев.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Кыргызстанда 1 миллион 600 миң унаа катталса, анын 500 миңден ашууну Бишкекте катталганын, мындан тышкары шаарга башка аймактардан да автоунаалар кирип жатканын билдирди. Анын айтымында, борбор калаанын мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда тыгындар боюнча эки комиссия иштеп жатат.