Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Бишкектеги айрым МАИ кызматкерлерин окууга жөнөтүүнү суранды.
Депутаттын айтымында, Кыргызстандын башка аймактарында иштеген МАИ кызматкерлери өздөрүнүн жумушун мыкты алып барып жатышат. Ал эми Бишкектеги айрым кызматкерлер депутаттын айтымында өздөрүнүн милдетин мыкты деңгээлде билбей жатат.
"Региондогу кызматкерлериңерге сөз жок, жакшы иштеп жатышат. Мен атайын токтоп сурап турам. Ушул эле шаарда иштеп жаткандарды бир окууга жөнөтпөйсүңөрбү. Этика, эстетика, жадакалса унаалардын кыймылын дагы жөнгө салганды билишпейт да. Чабан койду айдагандай эле турушат. Эми анын өзүнүн дагы эрежеси бар да. Бул уят. Чет жактан туристтер келсе дагы айтат да "Карачы муну" деп. Келгиле ошол жагын дагы карайлы", - деди Сыдыков.