Ноокендин тургуну таанышын өлтүрүп алып, жансыз денесин көчөгө таштап кеткен деп шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өз ара келишпестиктен улам чыккан чыр өлүм менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине 4-сентябрдын таңында Кочкор-Ата шаарындагы жолдун четинде белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат түшкөн. Биринчи кароо жүргүзүү учурунда маркумда зомбулуктун белгилери байкалган эмес, бирок эскпертизанын жыйынтыгы менен келтирилген жаракаттар аныкталган. Анын өздүгү такталып, 1988-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги маалым болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталып, кармалды.

"Болжол менен 2-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Д.Ш. өз үйүндө М.А. менен спирт ичимдигин ичип отуруп, экөөнүн ортосунда келип чыккан чырдан улам мушташа кетишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин үй ээси М.А.нын каза болуп калганын байкаган. Андан соң Д.Ш. кылмыштын изин жашыруу максатында таңга маал маркумдун өлүгүн өзү жашаган даректен бир көчө ылдый алып барып таштап кетип калган", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар далил буюмдар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми мурда бир нече жолу соттолгон шектүү Д.Ш. эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан