Чүйдө прокурордун жардамчысы жана жактоочу кармалды (видео)

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордун жардамчысы адвокат аркылуу айыпталуучудан жазасын жеңилдетүү үчүн акча талап кылган.

"Айыпталуучудан 80 миң сом алган Ш.Н. аттуу жактоочу кармалган. Ал алынган акча каражатты Жайыл районунун О.Н. аттуу прокурорунун жардамчысына кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү), ал эми прокурордун жардамчысы 342-берененин (пара алуу) негизинде айып тагылган.

Атайын кызмат учурда аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

10.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан