Жылдын аягына чейин лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1 миң 200дөн ашык айыл чарба техникаларын берүү пладалууда. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 17,5 миллиард сомго 6 миң 836 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2024-жылы 3,1 миллиард сомго 924 техника берилген.
“Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү аракети ишке ашып жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, банктар аркылуу дыйкандарга 6 пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө техникалар лизингге берилүүдө.