Улан Ниязбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолукту 

Бүгүн, 10-августта Кыргызстандын ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Ниязбеков Кытайда өткөн Коомдук коопсуздук кызматташтык форумуна катышуусунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамкеңешинин мүчөсү - коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуу Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өттү.
Талкууланган маселелер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы туруу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктарына тиешелүү болду. Аймактарда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун стратегиялык мааниси артыкчылыктуу милдет катары белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү зарылдыгына жалпы ишеним болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан