Билим берүү министрлиги 12 жылдык мектептик билим берүү модели эмне бере тургандыгын айтты

Мектепте билим берүүнүн 12 жылдык модели баланы 6 жашынан баштап окутуу менен балдардын билим алуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
маалымдалгандай, бүгүнкү күндө балдардын үчтөн бир бөлүгү бала бакчаларга барат. Мындан улам биринчи класска барган 6-7 жаштагы балдардын билим деңгээли ар башка болууда.
"Кээ бир балдар бала бакчаларда даярдоо программаларынан өтсө, айрымдары 480 сааттык мектепке чейинки программаны өздөштүрөт. Ошол эле учурда бала бакчага барбаган жана ата-энеси үй шартында окутпаган балдар бар.
12 жылдык моделдин алкагында биринчи класстар окутуунун оюн формасында билим алат. Бул балдардын мектепке даярдыгын теңдештирүү менен башталгыч мектептин программасын чогуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", - деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан