Биз социалдык тармакта

"Ак шумкарлардын" эки жеңилүүсүнөн кийин тайпадагы орду белгилүү болду

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын үчүнчү турдук оюндарында өз тайпасында акыркы орунга жайгашты.

Кечээ, 10-сентябрда тайпадагы кезектеги оюндар өттү. Анда Кыргыз курамасы өз үйүндө Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилди. Муну менен Өзбекстан 3 упайга ээ болсо, Кыргыз курамасы упай ала алган жок.

"Ак шумкарлардын" тайпасында учурда биринчи орунда 6 упайы менен Өзбекстан келе жатат. Экинчиде ушундай эле упай менен Иран курамасы жайгашса, үчүнчүдө 3 упайы менен БАЭ курамасы келе жатат.

Кийинки оюнун "Ак шумкарлар" 10-октябрда Катарга каршы өткөрөт. Ал эми 15-октябрда өз үйүндө Түндүк Корея курамасын кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан