Бишкекте айрым көмүр сатуучуларына айып пул салынды 

Бишкекте көмүр саткандарга карата рейд өткөрүлүп, эреже бузгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев инспекторлор менен биргеликте көмүр саткан объектилерди текшерип чыккан.

Анын жүрүшүндө берилген көрсөтмөнү аткарбаган көмүр сатуучуларга протоколдор түзүлүп, ишкерлерге айып пул салынганы айтылды.

"Айып пул салуудан тышкары аларга тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди", - деп билдирди калаа мэриясы.

Эске салсак, шаар боюнча жалпысынан 38 көмүр сатуу түйүнү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан