Нарында чогултулган мото техникалар сатыкка чыкты. Баалары кандай? 

Нарында "Нарын мото" заводу өндүргөн продукциялар сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Аталган завод Ат-Башы районундагы эл аралык соода-логистикалык борборунда жайгашкан. Заводдо Кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.

"Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле каалоочулар 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болору кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан