Бүгүн, 11-сентябрда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо иштерин өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Буга байланыштуу ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт:
- Ж.Абдырахманов көчөсү, 214;
- Жумабек көчөсү, 123;
- Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85-үйлөр;
- К.Тыныстанов көчөсү, 138, 144-үйлөр;
- Эркиндик бульвары, 71, 73-үйлөр;
- Жибек Жолу проспектиси, 413;
- Тыныстанов көчөсү, 285, 285а үйлөрү;
- Абдырахманов көчөсү, 230.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери саат 18:30га чейин уланат.