Улуттук банк Бишкектеги эки акча алмаштыруу бюросунун ишин токтотту

Улуттук банк эки акча алмаштыруу бюросунун ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, 10-сентябрдан тарта Укуктук актылардын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:

- Москва көчөсү, 18-үй, 1-кеңсе дарегиндеги "БМД ГРУП" акча алмашуу бюросу, ЖЧКнын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №6799 лицензиясы;

- Абдрахманов көчөсү, 129-үй дарегиндеги "КЖ ноль бир" акча алмашуу бюросу, ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги №6288 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан