Биз социалдык тармакта

Бишкектеги тыгындан кийин аялдамага жетпей токтогон автобустарга дагы айып салына баштады

Бишкекте аялдамаларга жетпей токтогон автобустарга жана унааларга эскертүүсүз айып протоколдору толтурулат. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 11-сентябрда кабарлады.

Мындай чара унаа тыгындарын алдын алуу максатында каралган.

"2-сентябрдан 8-сентябрга чейин транспорт каражаттарынын токтоп туруусуна тыюу салган эрежени аткарбаган жана автобустардын аялдамага токтоосуна тоскоолдук жаратып токтогон 3960 айдоочуга айып протоколдору толтурулду", - деп билдиришти мекемеден.

Кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан