Эртең, 12-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +22 ... +27,
Талас жергесинде түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +21 ... +26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12 ... +14, күндүз +27 ... +29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5 ... +7, күндүз ... +19 ... +21,
Нарын дубанында түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +19 ... +21,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +25 ... +27 градус болот.