Бишкекте акча уурдоого шектүү жарандар кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда уурулук кылганга шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ленин РИИБи берген маалыматка ылайык, 7-сентябрда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү түндө Арча-Бешик конушундагы үйүнүн терезесинен кирип, 85 миң сомун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 27 жаштагы Н.А. жана 28 жаштагы Т.Б. кармалышты.

Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталып, тергөө амалдары уланууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан