
Бүгүн, 11-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейттин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшая катышты.
Имаратта гемодиализ бөлүмүнөн тышкары 30 орундуу эндокринология бөлүмү, 30 орундуу нефрология бөлүмү, реанимациялык керебеттер, кичи операциялык бөлмө, ошондой эле чоң актовый зал жана башка кызматтык жайлар жайгашкан.
"Жалпы аянты 2588 чарчы метр болгон имарат «Ас-Сафа Борбор» коомдук бирикмесинин колдоосу менен бардык зарыл болгон курулуш-оңдоо иштери жүргүзүлүп, заманбап коммуникация системалары орнотулду. Анда бейтаптардын дарылануусу жана медицина кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Ар бир бөлмөдө даараткана жана душ жай каралган", - деп билдиришти министрликтен.