Кыргызстанга Чехиядан асыл тукум ири мүйүздүү малдар алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Андагы маалыматка караганда, малдар фермер Азамат Маданбеков тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна 7 баш бооз кунаажын ал эми Жети-Өгүз районуна 24 баш бооз симментал породасындагы кунаажындар алынып келинген. Аталган кунаажындар сүт-эт багытындагы порода болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, бул жылы жалпы 289 баш симментал жана абердин ангус породасындагы ири мүйүздүү малдарды 58 миллион 776 миң сомго сатып келишкен.