Бишкектеги Беларусь көчөсүнө жаңы асфальт төшөлдү

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектеги Беларусь көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, оңдоодон кийин бул көчөдө унаа айдап гана тим болбостон, жөө жүргүнчүлөр да жолдо коопсуз жүрө алышат.
"Адистер тарабынан эски асфальт алынып, тротуар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулуп, эки катмар асфальт төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлүп, коопсуз өтмөк үчүн жасалма дөңчө орнотулду.
Оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жылга карата кошумча титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлдү", - деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан