Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов айылдык кеңешке жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн талапкерлигин каттоону сунуштады.
Жыйында анын "айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон адамдын жогорку билими каралабы?" деген суроосуна жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандаттардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоорунун демгилечиси, депутат Марлен Маматалиев "жок" деп жооп берди.
Марипов бюджет жана башка маселелер каралып жаткандан кийин депутаттыкка жогорку билимдүүлөр барышы керектигин белгиледи.
Эске салсак, 6-сентябрда президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлыкта шайлоо 17-ноябрда өтөрү белгиленген.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ирилештүүгө байланыштуу таркатылган.