Өлкөдө мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды 

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыялады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 11-сентябрда кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында буйрук чыккан.

Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан өлкөнүн бардык билим берүү уюмдарында 10-сентябрдан 10-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, тил күнү билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленери айтылды.

Белгилей кетсек, үч айлыктын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 12-декабрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан