Бишкек мэриясы Садыбакасов көчөсүндө жайгашкан "Равза" ашканасынын кеңейтилишин демонтаждоодо. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Тиешелүү кызматкерлер жеринде Батыш РЭСтин, Бишкек суу канал жана "Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.
Натыйжада, 90 чарчы метр жеңил конструкция менен кеңейтилген жер бошотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксат берилбеген орнотуулардан, мыйзамдардын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.