Франциянын Лион шаарында өтүп жаткан WorldSkills кесиптик чеберчиликтердин 47-эл аралык чемпионатына кыргызстандык үч студент катышууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар февраль айында биринчи жолу өткөрүлгөн WorldSkills Кыргызстан I улуттук чемпиондугунун жеңүүчүлөрү.
Алар:
Кошумчалагандай, чемпиондуктун ачылыш аземи 10-сентябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрондун катышуусунда өттү. Ага 70ке жакын өлкөдөн жана аймактардан келген 1400 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтөт.