Кыргызстандын жараны Таиландда зордуктоо фактысы боюнча айыпталып жаткандыгы тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Маалымдалгандай, учурда Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.
"Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилиги аталган Кыргыз жараны менен байланышта болуп, ага Кыргызстандын Таиланддагы Ардактуу консулу менен биргеликте зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө", -деп айтылат маалыматта.