Ош шаарындагы “Боорукердик” үй-интернатынын 3 кабаттуу жаңы имараты колдонууга берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, интернаттын курулушу Абдишүкүр ажы Нарматовдун жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашырылды.
Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белек катары интерактивдүү доска тапшырды.
Жаңы 3 кабаттуу үй-интернаты 32 карыган адамга жана 45 балага туруктуу жашоо үчүн ылайыкташтырылып, зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.