Эмгек министрлиги 11 иш менен камсыз кылуу агенттиктин ишине тыюу салды

Эмгек министрлиги 11 жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине 11 өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салды. Бул боюнча министрликтен бүгүн, 12-сентябрда кабарлашты.
Мындай чара агенттиктердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында кабыл алынган.
"11 жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктерине (ЖИА) жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан иш жүргүзүү укугуна уруксат берүүдөн баш тартылган" деп жазылат маалыматта.
Министрлик жарандарды ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат.
Чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга туш болгон жарандар Борбордун ишеним телефонуна +996 559 189 900 (WhatsApp) чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышат.
Тыюу салынган агенттиктердин тизмеси шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан