Кыргызстанда сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ӨКМден билдирди.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган.
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 9;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 1.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.