Бишкекте 20-22-сентябрь күндөрү "Органикалык Экспо – Борбордук Азия" аймактык форуму өткөрүлөт. Анын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси болот.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жарманкеде жашылчалар, жемиштер, кургатылган жемиштер жана жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар, дары чөптөр, чайлар, бал жана башкалар коюлат.
Андан тышкары экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Министрлик мындай форум Борбордук Азияда биринчи жолу өтөрүн белгиледи.