"Атомдук адаттар" китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Дүйнөгө белгилүү "Атомдук адаттар" бестселлери кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда "Китепстан" басма үйүнөн маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, бестселлердин автору америкалык жазуучу Жеймс Клир. Ал китепте жакшы адаттарды калыптандыруу үчүн практикалык стратегияны ачыктап берген.

Китепти кыргыз тилине которгон Азиза Сулайманова, редактору Санжи Туйтунова.

"Бул китептен кантип жакшы адаттарды өздөштүрүп, жаман адаттардан арылууну үйрөнүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан