Милиция Бишкекте көчөдөн жансыз денеси табылган аялдын жакындарын издөөдө (сүрөт)

Бишкекте үч жыл мурун белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун жакындарын издөө иши уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Ленин РИИБинен маалымдашты.

Андагы маалыматка караганда, 2021-жылы 9-декабрда саат 20:00 чамасында Бишкектеги Кулиев көчөсүндө болжол менен 40-45 жаш чамасындагы азиат улутундагы аялдын жансыз денеси табылган.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара жана кыска. Орто дене түзүлүштө. Сол бетинде калы бар.

Ошондой эле жансыз дене табылган учурда кара куртка, кара-көк толстовка, кызгылт түстөгү футболка, кара шым, боз байпак, кара бут кийими менен болгон. Ал эми аялдын аты болжолду Жылдыз экени такталган.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, же жакындарын билсе милиция төмөндөгү байланыш номурларына кабарлап коюуну суранат.

0705 450 553; 0551 088 330; 0553 102 465; 0312 352 605.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан