Кыргызстанда эки орундуу тик учактар чыгарыла баштады (видео)

Кыргызстанда чогултулган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. Ал эми баасы 60 миң доллардан жогору.

"Кыргызстанда чыгарылган тик учактар учурда сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Кыска аралыкта мамлекетибизде унааларды, тик учактарды чыгарган жана башка завод-фабрикалар ачылууда", - деп жазды ал.

12.09.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан