Индияда белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Гуджараттын Кутч районундагы Лахпат шаарында 3-10-сентябрь аралыгында белгисиз оорудан кеминде 10 адам каза болгон, анын ичинде жаш балдар да бар. Андан кийин дагы кеминде беш адамдын өлүмү тастыкталган. Бийлик азырынча оорунун себебин аныктай элек.
Кутч райондук бийлик өкүлүнүн айтымында, тесттер H1N1 тумоосунун вирусу, чочко тумоосу, Крым-конго геморрагиялык ысытмасы (лихорадка), безгек жана денге ысытмасынын ыктымалдуулугун жокко чыгарды. Ал ошондой эле белгисиз ысытма жугуштуу оору эмес экенин баса белгиледи.
Оорудан каза болгондордон алынган үлгүлөр коңшу Махараштра штатындагы Пуна шаарындагы Улуттук вирусология институтуна анализге жөнөтүлдү, жыйынтыгы жакынкы күндөрү күтүлөт.