Баткендеги Бирлик айыл аймагында 32 үй сел коркунучунда экендиги айтылды

Баткендеги Бирлик айыл аймагында 32 үй сел коркунучунан корголду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, облус аймагында атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Учурда Кадамжай районунда иш кызуу жүрүп жаткандыгы айтылган.
"Бөлүнгөн бульдозер техникасы Сур сайында механикалык тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 2 миң 300 метр аралыкта тазалоо иштери жыйынтыкталса, аталган аймактагы 32 турак үй, 16 гектар короонун участкасы, 4 миң ички чарбалык жол жана 3 миң 200 метр ички чарбалык арык сел кооптуулугунан корголот", - деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан