Бишкекте УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 12-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Андагы маалыматка караганда, имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышкан.

"Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аталган иш-чарада башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, мындан ары дагы ата мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан