Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жашыруун жерден: граната Ф-1 бир даана; эски үлгүдөгү болжолдуу "Браунинг 1900" маркасындагы тапанча; МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча; төмөнкү калибрдеги патрондор: 7,62 мм - 26 даана, 7,62 х 54 эки даана, 5,45 мм - 81 даана, 9.18 - 17 даана жана калашников жеңил автоматынын магазини табылганы айтылды.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар экспертиза жүргүзүүгө жөнөтүлгөн.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды издөөнү улантууда.