Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар мелдешинин финалдык беттешинин жыйынтыгына нааразылык билдирди.
Оюндан кийин Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев өз пикирин билдирип, беттеште көп каталар кеткендигин айтты.
“Калыстар кичине көрбөй калышы мүмкүн. Бирок оюндагы чоң каталарды көзү сокур киши да көрөт. Оюнда эреже бузуулар көп болду. Көкпар федерациясы менен көп жолугушуулар болгон. Оюнду бириктирели дегенбиз. Мындай кийин көкпар менен көк бөрүнүн ортосунда келишим болобу, оюн да болобу, белгисиз”, - деди Рамис Жунусалиев
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз улакчылары казак атаандаштарына 4:5 эсебинде жеңилип калды. Биринчи таймда эки команданын ортосунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учураган.