Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, эки өлкөнүн дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталары бүгүн, 12-сентябрдан тарта күчүнө кирди. Алар 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына визасыз кире алышат.
Айта кетсек, мындай макулдашуу 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ноталарды алмашуу учурунда жетишилген.