Кечээ, 12-сентябрда Астана шаарында жер улак боюнча финалдык беттештер болуп, анда Кыргызстан курамасы Казакстанга 5:4 эсебинде талаштуу түрдө жеңилип калган.
Бул оюнда башкы калыстык милдетти казакстандык Акылбек Кымызбаев аткарган. Ал дээрлик жекеме-жекеде бир топ түшүнүксүз чечимдерди кабыл алып, казакстандык улакчыларга тартып оюн алып барганы даана көрүнүп турду. Ал кыргыз улакчысы Өмүрбек Эсен уулунун чийинге салган салымын дагы эсепке алган эмес.
Оюндан кийин кыргызстандыктар калыстын ишине массалык нааразычылыктарын билдиришүүдө.
Көп өтпөй эле казак калысынын оюн алдындагы видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда Акылбек Кымызбаев оюн таза өтөрүн айтканын көрүүгө болот.