Чүйдө Мирлан Дүйшебаев 31-августтан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 49 жаштагы Мирлан Дүйшебаев дайынсыз болуп изделип жатат. Ал ушул жылдын 31-августунда Кошой айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Бул боюнча облустук милиция билдирди.

Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кыска, ак баскан, курсагында операциядан калган шрамы бар.

Кийген кийимдери: жеңи узун ак-көк түстө көйнөк, кара шым, бутунда мокасин кийген.

Мирлан Дүйшебаев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап койсо болот: 0312 607387, 03132 33289 (нөөмөт бөлүмү) же 0702 777408.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан