Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянсак, эртең, 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун аймактарында жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +21 ... +26,
Талас жергесинде түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +18 ... +23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12 ... +14, күндүз +27 ... +29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6 ... +8, күндүз ... +20 ... +22,
Нарын дубанында түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +22 ... +24,
Бишкек шаарында күндүзү ала булут каптайт. Абанын табы түнкүсүн +9 ... +11, күндүз +23 ... +25 градус болот.