Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, интеллектуалдык потенциалы бийик жана өз кесиптик чөйрөсүндө ийгилик жараткан, профессионалдык ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн жарандарга Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров сыйлык алгандарга, алардын жетишкендиктери үлгү болорун жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө стимул экенин белгиледи. Өлкөнүн экономикалык жана интеллектуалдык күч-кубатын чыңдоо боюнча алардын ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.
Андан кийин президент тарабынан ыйгарылган мамлекеттик кызматкерлерге класстык чендерди тапшыруу аземи болду. Өкмөт башчы жаңы класстык чендер мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга көмөктөшөт деген ишенимин айтты.